Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнь Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселеси боюнча кеңештин жыйынында чоң экрандан мас абалында иш бөлмөсүн ача албай теңселип турган Чүй облустук сотунун төрагасы Дамирбек Оңолбековдун тасмасын көрсөтүп, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакировага чара көрүүнү тапшырды.
“Көрсө ал күн сайын ичет экен. Мындай соттор менен кантип реформа жасайбыз. Бул катардагы сот эмес, облустук соттун башчысы. Биз алтын тамгалар менен мыйзам жазсак да, мындай соттор менен сот тутумуна реформа жасай албайбыз. Мен ага карата чара көрүүңүздү суранам”,-деди Жапаров Жогорку соттун төрайымына карай.
Посмотреть эту публикацию в Instagram