
Кыргыз Республикасынын президентигине талапкер Садыр Жапаровду карапайым
эл гана колдоого албастан, Кыргызстандагы төбөсү көрүнгөн аттуу- баштуу
аксакалдар, ардагерлер да колдоп жатышат. Жакында эле Кыргызстандын мурдагы
премьер министри Апас Жумагулов баштаган аксакалдар жыйын куруп президенттике Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турушканын билдиришкен болчу. Ага улай эле 18- декабрь күнү Баткен согушуна катышып, эрдик көрсөткөн Баткен согушунун ардагерлери дагы Бишкектеги “Достук” мейманканасынын жыйындар залына чогулуп, Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна ат салышкан 18 талапкерлердин ичинен Садыр Жапаровдун талапкерлегин колдоону ылайык көрүшкөнүн билдиришти.

Баткен Согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакалов Канаттын
айтымында Садыр Жапаров Премьер министрдин милдетин аркалаган бир ай
ичинде чечкиндүүлүгү жана элге жакындыгы менен айырмаланган. Эл колдоп,
президент болуп шайланып калса, эл жүгүн көтөргөн, татыктуу журт башчы
болооруна ишенет.

Канат Бакалов: Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы:
-Садыр Жапаров премьер министр болгон бир айда өлкөгө эл эңсеген көп
жаңылыктарды киргизди. Жалтактабай, чечкиндүү кадамдарга барды. Мисалы,
коррупционерлерге кылтак салды. Коррупционерлердин алды болгон Раим
Матраимовду кармап, аны кустуруп жатат. “Президент болуп калсам, дагы көп
коррупционерлер жазаланат, коррупцияга каршы күрөш уланат” деп жатпайбы.
Мына ушундай аракеттеринен улам биз Баткен согушунун ардагерлери Садыр
Жапаровду колдоону туура көрдүк.
Эске салсак, Кыргызстанда бүгүнкү күндө 6000 миңге жакын Баткен согушунун
ардагери бар. Баткен согушунун ардагерлери Садыр Жапаров менен!
“Келечекке кызмат-бүгүндөн башталат!”
Аткаруучу: « ____7tv.kg___ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 53;
. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы: ______. 2020-жылдын 19-декабрь даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).