Тажикстанда барымтада турган 10 кыргызстандык бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн 1-майда саат 20:00дө Кыргызстандын Баткен облусунун башчысы Омурбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, тажик тарап 10 кыргызстандыкты бошотту.
Белгилей кетсек 29-апрелде эрте менен, тажик жарандары тарабынан Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун барымтага алынган болчу.
Алар азыркы учурда Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүп жатышат.