7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен жоокерлерин эскерүү күнүнө арналган митинг-реквием өттү

455

Кыргызстанда 26-октябрда 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы белгиленди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Октябрь районунун аймагындагы Д.Асанов атындагы паркта, Баткен жоокерлеринин эстелигине гүл коюу аземи болуп, митинг-реквием өткөрүлдү. Митингдин катышуучулары курман болгондорду бир мүнөт тыныгуу жана үч жолу мылтык атуу менен эскеришти.

Жыл сайын Октябрь району Баткен окуясынын катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүп келет. Быйылкы жылы райондук бюджеттен материалдык жардам көрсөтүү үчүн администрация тарабынан 178 миң сом бөлүнгөн.

Жалпысынан Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 85 адам турат, Баткен окуясынын 84 катышуучусуна 2000 сомдон, каза болгон жоокерлердин 1 үй-бүлөсүнө 10000 сомдон берилди.

Иш-чарада Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков катышып, өз сөзүндө Баткен окуясынын катышуучуларынын эрдигин жана баатырдыгын белгилеп, бардыгына ден соолук жана бакубатчылык каалап кетти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

456