Баткенде 4 кабаттуу имараттан боюн таштоого аракет кылган жигит куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн саат 13:49да ӨКМге Кызыл-Кыя шаарындагы 4 кабаттуу имараттын чатырынан эркек киши боюн таштоого аракеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 6 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жүргүзүп, 23 жаштагы жаранды куткарып калышкан.