7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 25 түгөйдүн үлпөт тою өтүү

368

Баткенде «Мамлекеттин өзөгү — үй-бүлө» аталышында 25 жуптун үйлөнүү үлпөт иш-чарасы башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган иш-чара президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппараты, жергиликтүү бийлик органдары жана «Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы» коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулууда.

Алгач борбордук мечитте жаш жубайларга нике кыюу аземи өттү. Алдыда үйлөнүү үлпөт той жана маданий иш-чаралар уланат.

Баткен облусунун аймагынан тандалып алынган 25 жаш жубайлардын тоюна жергиликтүү жетекчилер, демөөрчүлөр жана алардын жакындары катышып, куттуктоолор менен белектер жана сертификаттар тапшырылат.

369