7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 3 айда оң рулдуу унаалардын катышуусу менен 4 жол кырсыгы катталып, 3 адам көз жумган

560

Баткенде оң рулдуу унаалардын катышуусу менен 3 ай ичинде 4 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгон. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Кыргызстандын анын ичинде Баткен облусунун жолдору оң тараптуу кыймылга ыңгайлаштырылып салынгандыктан, рулу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын башкарууда өзгөчөлүктөр бар. Бул оң рулдуу унаалардын айдоочуларына айрым учурда ыңгайсыздык жаратып жатканы талашсыз. Жогорудагыларды эске алуу менен Баткен ОИИБи Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташыган оң рулдуу унаалардын айдоочулары менен тез-тезден жолугуп, жол кыймылынын кырсыктарына учурабоо, анын каргашалуу кесепеттерин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишүүдө. Бирок тилекке каршы Баткен облусунун аймагында 2021-жылдын 12 айында оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын катышуусу менен 33 жол кыймылынын кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 4 адам каза болуп, 86 адам денелеринен ар кандай жаракаттарды алган»,- деп айтылат маалыматта.

Ал эми 2022-жылдын 3 ай аралыгында оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын катышуусу менен 4 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 3 жаран каза болуп, 1 жаран денесинен жаракат алып ооруканага кайрылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

561