7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 44 млн сомго автобекет курулат

430

Баткен шаарында муниципалдык «Автобекет» курулууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирет.

Курулушка республикалык бюджеттен, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 42 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө автобекеттин административдик имаратынын курулушу 75% ишке ашырылып, курулуш иштери андан ары уланууда.

Быйылкы жылы бүткөрүлүп пайдаланууга берилүүсү пландалган. Автобекеттин айланасын көрктөндүрүү жана жарыктандыруу иштерине жергиликтүү бюджеттен кошумча 2 млн сом каралган.

Мындан сырткары, 2024-жылга карата шаардын Чет-Булак аймагында жайгашкан өнөр жай зонасынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 2 долбоор сунушталып, жактырылган.

431