7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 5 ыкчам топ күнү-түнү иштеп жатат

191

Аба ырайынын кескин төмөндөшү Баткенде электр энергиясына болгон жүктөмдүн олуттуу жогорулашына алып келди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Буга байланыштуу Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен, Лейлек жана Сүлүктүдө 5 ыкчам топ түзүлүп, электр тармактарынын үзгүлтүксүз жана туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Мындан тышкары, авариялык учурда абалды тез арада калыбына келтирүү максатында атайын нөөмөттөр уюштурулду. Баткен электр тармактар ишканасынын бардык бөлүмдөрүнөн 22 ыкчам чыгуучу бригада, атайын техникалар жана нөөмөттүк автоунаалар даярдалып, бригада керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

Авариялык абалдар катталган учурларда электр энергиясын берүүдө үзгүлтүк болтурбоо үчүн оңдоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам тартипте жүргүзүлүп, керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

Баткен электр тармактар ишканасы абал толук көзөмөлдө экенин билдирип, калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

192