7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манас районунда асыл-тукум мал чарбачылыгы жыл сайын өсүүдө

305

Бүгүнкү күндө райондо бул багытта 48 кооператив ийгиликтүү иш алып барып, эт жана сүт багытындагы асыл-тукум мал жандыктарын багышууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Алардын катарына жаңыдан түзүлгөн «Ногойбай ата» кооперативи да кошулду. Кооператив аулиеколь породасындагы уйларды өстүрүүгө адистешкен. Бул порода суукка чыдамкайлыгы жана эт продукциясынын жогорку көрсөткүчү менен айырмаланат. Тактап айтканда, 10 айлык торпоктордун салмагы 500 килограммдан ашса, 2 жаштан жогору уйлардын тирүү салмагы 1 тоннадан ашык болот.

Министр Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, мал чарбачылыгында сандан сапатка өтүү саясатынын алкагында дыйкан-фермерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө. Мунун алкагында Манас районунда эле өткөн жылы 8 жаңы кооператив түзүлгөн.

Ошондой эле 2025-жылы Манас району боюнча 2 асыл-тукум чарбасы аттестациядан ийгиликтүү өттү. Алардын бири эт багытындагы абердин-ангус породасындагы уй чарбасы болсо, экинчиси сүт багытындагы голштино-фриз породасындагы чарба болуп саналат.

Асыл-тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү аймактагы эт жана сүт продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө, фермерлердин кирешесин жогорулатууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзүүдө.

306