7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде баатыр энелер, ардактуу ардагер апалар сыйланды

722

Баткенде баатыр энелер, ардактуу ардагер апалар сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев 8-март Аялдардын эл аралык майрамынын урматына, облустагы эң жашы улуу апаларды, көп балалуу баатыр энелерди жана бүт өмүрүн мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсүнө арнаган апаларды куттуктады. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн майрамдык куттуктоо, каалоо-тилектерин жана белектерин, өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров майрам ээлерине жеткирди.

Адам баласына өмүр тартуулоо, ага таалим-тарбия берип, мээрим менен чоңойтуп, эл катарына кошуу бул эбегейсиз эмгек. Ошол эле учурда апалардын өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүндө да салымыңыздар зор. Сиздер ар дайым урмат-сыйга татыктуусуздар”, — деди Насиров.

723