7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Белгилүү антивирус программасынын негиздөөчүсү менен жардамчысы камалды

573

АКШнын Юстиция министрлиги антивирустук программанын негиздөөчүсү Жон Макафини алдамчылыкка айыптоодо. Бул тууралуу Америкалык маалымат булактары жазып чыгышты.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, бул кылмыш ишине Макафи жана анын кенже-жансакчысы Джимми Гейл Уотсон катышкан. Твиттердеги катталуучулардын жоон тобу ишкерге киреше алуу үчүн крипто-валюта чендерин алууга мүмкүндүк түзүп беришкен.

АКШнын Юстиция министрлиги бул кылмыштуу схеманы колдонуу менен Джон Макафи менен анын жардамчысына 13 миллион доллардан ашык каражат топтолгонун билдирди.
Айыптоолор Манхэттендеги федералдык сотко жөнөтүлдү. Прокурор Одри Страусс Макафи менен Уотсон «популярдуу социалдык медианы жана өнүгүп келе жаткан крипто-валюта рыногундагы инвесторлордун шыктануусун жалган жана алдоо жолу менен миллиондорду иштеп табуу үчүн колдонгонун», — айтты.

Джон Макафи Испанияда, Уотсон бейшемби күнү кечинде Техаста камакка алынды.

«McAfee» дагы деле болсо антивирустук программа чыгарган компания катары элге белгилүү. Джон Макафи бул фирмадан 1994-жылы кызматтан кеткен.

574