7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан 2021-жылдагы экономикалык эркиндик индексинде 78-орунду ээледи

613

«Heritage Foundation» тарабынан түзүлгөн Экономикалык Эркиндик 2021 индексинде Кыргызстан 78-орунду ээледи.

Рейтинг жыл сайын экономикалык жана соода эркиндигинин деңгээлин, инвестициялардын ачыктыгын, мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүн, коррупциялык факторду жана башкаларды эске алуу менен 10 негизги категория боюнча эсептөөлөрдүн негизинде түзүлөт.

Республиканын экономикалык эркиндигинин деңгээли 100 баллдан 63,7 баллга баалаган.

Былтыркы жылга салыштырмалуу жалпы көрсөткүч «биринчи кезекте каржылык абалды жакшыртуунун эсебинен» 0,8 пунктка өстү.

Ал эми Азия-Тынч океан аймагынын 40 өлкөсүнүн ичинен Кыргызстан 13-орунда турат жана республиканын жалпы упайы аймактык жана глобалдык орточо көрсөткүчтөрдөн жогору болуп эсептелинет.

“Кыргыз Республикасынын экономикасы ушуну менен бешинчи ирет катары менен орточо эркин өлкөлөрдүн катарына кирди. Экономикалык чоң эркиндикке жетүү үчүн, туруктуу жана кеңири жайылган коррупция менен күрөшүү үчүн өкмөт чечкиндүү иш алып барышы керек. Менчик укугун коргоону күчөтүү, сот тутумунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана ашыкча мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу үчүн терең структуралык жана институционалдык реформалар керек ”, — деп белгилейт рейтингдин авторлору.

Индекс боюнча Казакстан 34-орунду ээлейт жана негизинен эркин экономикаларга кирет.

Тажикстан — 134-орунда (негизинен эркин эмес экономика), Түркмөнстан — 167-орунда (репрессивдүү экономика).

Россия 92-орунду, Беларуссия 95-орунду, Армения 32-орунду ээледи.

Сингапур ушуну менен экинчи ирет катары менен рейтингде 89,7 балл көрсөткүчү менен биринчи орунду ээледи. Жаңы Зеландия менен Австралия алдыңкы үчтүктө турат. Акыркы катарды Куба, Венесуэла жана Түндүк Корея өлкөлөрү ээлейт.

614