7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде «Бандит» операциясы өткөрүлдү

337

Баткен облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каршы «Бандит» атайын операциясы өткөрүлдү.

2025-жылдын 13-август күнү, Баткен облусунун аймагында коомдук коопсуздукту, укук тартибин жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында – уюшкан кылмыштуу топторду, жамааттарды жана кылмыштуулукка жакын элементтерди жок кылуу боюнча УКМК Баткен облустук ИИБ жана КР ИИМдин Кылмыш иликтөө Башкы башкармалыгы менен биргеликте ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чараларын жүргүздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун 26 мүчөсү КР ИИМдин автоматташтырылган маалымат базасында (АБД-ТОР системасы) тургандыгы аныкталды. Анын ичинен 9 адам өлкө аймагындагы абактарда жазасын өтөп жатса, 3 адам чет өлкөлөрдө жүрөт.

Мындан тышкары, иш-чаранын жыйынтыгында мурда кылмыштуу топтун жетекчилери менен байланышы болгон кошумча адамдар аныкталып, 23 адамдын биометрикалык (бармак изи) маалыматтары алынып, криминалдык идеялардан баш тарттыруу боюнча видео материалдар катталып, КР мыйзамдарын сактоо боюнча милдеттенмелер алынды.

338