28-ноябрында Баткенде контрабандалык товарлар аныкталган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
“Лейлек районунун Жаштык айылында 2002-жылы туулган тургун О.Б.С. кармалды. Кармалган адам, кошуна мамлекеттин жарандары менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргыз Республикасынын аймагына кара металлды (жезди) мыйзамсыз алып өтүшкөн. Аларды мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгын бойлото жайгашкан кампаларда убактылуу сактап, кийин Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды кайра сатууну көздөшкөн. Жүктүн жалпы салмагы 232 кг түзгөн.
Лейлектин Ак-Арык айылынын, Мамлекеттик чек ара шарттуу сызыгына жакын, «Флагстая» участкасында, таза кандуу делген эки жылкыны мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган, Кулунду айылынын тургуну 1993-жылы туулган Ж.Н.Ж. аттуу жаран кармалган. Жылкылардын болжолдуу суммасы 300 миң сомдун тегерегинде болгон.
Булак-Башы айылынын тургуну, 1999-жылы туулган жаран М.у.Б.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа кармалган. Автоунаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда эч кандай коштоочу документтери жок 3 тонна көмүр табылган. Кармалган унаа жүгү менен, жагдайлар такталганга чейин Жаңы-Жер чек ара постунун аймагына убактылуу токтотулган” – деп айтылат маалыматта.
Аталган фактылардын негизинде УКМК тарабынан козголгон кылмыш иштеринин алкагында иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.