Бүгүн, 8-майда, Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үйлөр курула баштады.
«Курулуш Президенттин тапшырмасы менен башталды» -деп билдирет Өкмөттүң Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы. Ошону менен бирге талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери да башталуу алдында турат.
Эске салсак, өлкө башчысы 2 күн алдын Баткендеги жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугуп, бузулган үйлөрүнүн ордуна жаңы заманбап турак-жайлар курулаарын айткан.