Бишкек шаарынын мурдагы мэри, Ак-Бата партиясын Бишкек шаардык кеңешине жетектеп бараткан Нариман Тулеев, буга чейин да бир нече ирет Эмгек партиясын добуштарды сатып алууга айыптап,шайлоодон четтетилишин талап кылып келген. Бул ирет БШК аларга карата эч кандай чара көрбөсө, Ак-Бата партиясы мандаттан баш тартаарын жарыялады.
«Мен БГКдагы шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылышын, кайрадан шайлоо жарыяланып, ага Эмгек партиясынын катышуусуна жол бербөөнү талап кылам. «Ак Бата» саясий партиясы кайрадан шайлоого катышууга даяр. Эгер БШК бул жолу «Эмгек» партиясына каршы эч кандай чара көрбөсө, «Ак Бата» партиясы Бишкек шаардык кеңешиндеги мандаттардан баш тартат», деп өздүк баракчасына Нариман Тулеев жазып чыкты.
Түлеев «Эмгек» партиясынын жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылды