7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түлеев «Эмгек» партиясынын жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылды

624

Бишкектин мурунку мэри жана «Ак Бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев шайлоонун жыйынтыктарына жана НДПК партиясынын шайлоодон четтетилишине байланыштуу билдирүү жасады. Ал бир топ мыйзам бузууларга жол берген “Эмгек” партиясынын аракети да текшерилип, алардын добуштары жокко чыгарылышы керектигин белгилеген.

Түлеев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына минтип билдирүү калтырган:

“Шайлоонун жыйынтыгында НДПК (КЭДП) партиясынын шайлоодон четтетилиши боюнча маалыматты таң калуу менен окуп чыктым. Бул канчалык деңгээлде адилеттүү же адилетсиз экендигин сындай албайм, бирок менин жеке пикиримде «Эмгек» партиясын дагы четтетүү керек.
Шайлоого катышкан партиялар АШКларга массалык мыйзам бузуулар боюнча жер-жерлерде добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы менен кайрылышты. Ошондой эле «Дордой» базарында дагы бир апталык патенттин акчасына мерчемделген маасалык добуш сатып алуу болду.
Тарапташтардын билдирүүсүнө таянсак, базарда иштегендерге патент жагынан мурда болуп көрбөгөндөй эле жардам көрсөтүлдү, бул добуш сатып алуунун түздөн-түз жолу десек болот. Бул фактыны укук коргоо органдары тарабынан тыкыр иликтенишин талап кылам”.

Нариман Түлеев мындан тышкары мамлекеттик бюджеттен өзүнүн үгүт иштерине жумшаган талапкерлер тууралуу дагы пикирин билдирген.

“Мындан тышкары, прокуратура «жарандык демилге» долбооруна баа берип, ошону менен айрым талапкерлердин бюджеттик каражаттарды жеке пайдасына жумшагандыгын, үгүт иштерин жүргүзүүгө бюджеттик каражаттарды бөлүүнүн мыйзамсыздыгын тастыктады. Анын ичинде «Эмгек» партиясынан Абиров бар. Ага катар Ленин районунун акими дагы бюджеттик каражаттарды «Эмгек» партиясынын пайдасына пайдаланганы аныкталып, кылмыш иши козголгон. Бюджеттик каражаттарды колдонуу менен «Эмгек» партиясы Ленин районунан эле 2-3 миң добуш топтой алды.

Башка райондордо мыйзам бузуулар катталбай койгон жок, өзгөчө Свердловдо партиянын ар бир аткаминери буга чейин эле добуш сатып алуунун жолун түзүп алышкан. «Эмгек» партиясына каршы тийиштүү чаралар көрүлбөстөн шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болду деп эсептейм жана «Ак Бата» партиясы «Эмгек» партиясына карата шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылат. Болбосо бул тарыхтагы эң ыплас шайлоо болуп калат. Эгерде жалпы эле шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылса, «Эмгек» партиясына кайрадан шайлоо өнөктүгүнө катышуусуна жол берилбеши керек. Ал эми «Ак Бата» партиясы дагы бир жолу шайлоого катышууга даяр жана баштагыдай эле шайлоо жараянынын мыйзамдуулугун таза жана так сактайт», — деп жазылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелдеги жыйында НДПК партиясын шайлоодон четтеттүү тууралуу чечим кабыл алган. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны «добуш сатып алууга» айыптаган документтери негиз болгон. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, НДПК мындай чечимге макул болбосо үч күндүн аралыгында Боршайкомго кайрылышы керек. Аталган партия дооматтарды негизсиз деп атап жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625