7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыл башынан бери жашоо минимуму 13%га өстү, кыргызстандыктар канча сомго жашай алат?

688

Кыргызстанда 2021-жылдын I кварталында жашоо минимумунун көлөмү 5 840,40 сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 13 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Жашоо минимумунун эң жогорку көлөмү Ош шаарында, Ош облусунда жана Бишкек шаарында белгиленген.

Өкмөтүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар — 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр — 17 пайызды жана салыктар — 2 пайызды түзөт.

Азык-түлүк корзинасынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

689