7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтом: «Кумтөр Голд Компани» мамлекетке 261 млрд 719 млн сом төлөсүн!

724

Кечээ, 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани” компаниясынан мамлекеттин эсебине 261 млрд 719 млн 674 сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Сотто «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун үстүнөн КР экологиялык мыйзамынын бузулушу боюнча Айбек Сарыбаев, Наристе Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов аттуу жергиликтүү төрт жаран арыз менен кайрылган.Көп жылдардан бери Кумтөр кенинен чыккан калдыктардын жыйындысы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн ээришине алып келген.

Ушул мезгилге чейин компания мөңгүлөргө 1 млрд 200 млн тонна иштетилген топуракты чыгарган. Ушундай иш аракеттердин негизинде ЖАК 183 млн куб тонна мөңгүнү талкалаган.

Жергиликтүү тургундардын мурда да компанияны жоопкерчиликке тартууга аракет жасап келгендигин баса белгилеп кетүү маанилүү. Бирок, 2017-жылы өкмөт юридикалык жана жеке жактарга экология боюнча кандайдар бир доо коюп арызданууга тыюу салган токтом кабыл алган. Тургундар бул пунктка карата СОТКО кайрылышкан. Бул Конституцияга каршы келип жана КОНСТИТУЦИЯЛык укуктарды бузат. Ал ТОКТОМ артка кайтарылган соң эми сотко кайрылышты.

«Кумтор Голд Компани» ЖАК Кыргызстандагы Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн алдындагы Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча жыйнаган калдыктары мыйзамсыз деп табылсын. Компаниядан мамлекеттин эсебине 261 млрд 719 млн 674 сом өлчөмүндө өндүрүлсүн, Кумтөр Голд Компани ЖАК 1 млрд 308 млн 653 сом мамлекеттик пошлина төлөсүн, — деп айтылат соттун токтомунда.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, бул биринчи инстанциядагы соттун чечими жана ал Бишкектин шаардык сотуна 30 күн ичинде арызданууга компаниянын укугу бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725