#Баткенге_жардам. АКШдагы мекендештер 200 миң долларга жакын каражат чогулткан
1009
АКШдагы кыргыз диаспорасы Баткен облусундагы жабыркагандарга жардам берүү үчүн жигердүү акча чогултуу иш-аракеттерин жүргүзүп, кайрымдуу мекендештерден 6-майга карата 191 000 доллар топтошкон. Бул тууралуу мекендештер социалдык баракчалардан билдиришти.
6-майга карата АКШнын ар кайсы шаарларында жана региондорунда жашаган мекендештер төмөнкүдөй суммага каражат топтошкон.
- — Нью-Йорк (Нью-Йорк штаты) — 22,0 миң АКШ доллары (+ 1-347-852-1941 — Турат);
- — Огайо штаты — 20,0 миң АКШ доллары (+ 1-513-265-6251 — Алтынбек);
- — Питсбург (Пенсильвания) — 10,0 миң АКШ доллары (+ 1-213-500-9408 — Басызбек);
- — Филадельфия (Пенсильвания) — 20,0 миң АКШ доллары (+ 1-267-212-6775 — Азиз);
- — Чикаго (Иллинойс) — 105,0 миң АКШ доллары (+ 1-312-610-3018 — Кыял);
- — Чикаго (Иллинойс) — 14,0 миң АКШ доллары (+ 1-267-333-5219 — Каныбек).
Кыргызстандын АКШ дагы элчилиги АКШ аймагында жашаган мекендештерге Баткен облусунун тургундарына баа жеткис жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.
Каражат топтоо токтогондугу азырынча айтыла элек, андыктан АКШдан салым кошом деген мекендештер жогорудагы номурларга байланышса болот.