Баткенде мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагында жүргүзүлгөн «Экстремист» операциясынын жүрүшүндө мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы аныкталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жергиликтүү тургун 1957-жылы туулган М.М. Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.