Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы Хорватияда өтө турган Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешке катышат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өтөт. Айсулуу кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта, ал эми Айпери 76 кг салмакта күчүн сынайт.
Белгилей кетсек, Тыныбекова дүйнөнүн эки жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси. Айпери Медет кызы Азиянын чемпиону жана дүйнө чемпионатынын коло байге ээси.