7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2022-жылы Кыргызстанда пенсия 90%га чейин көбөйтүлдү

487

2022-жылы Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү 90%га чейин көбөйтүлдү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, 2022-жылдын 11 айы үчүн Социалдык фондго пенсиялык камсыздоого байланыштуу чыгымдарды каржылоо боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин аткарууга (пенсиянын базалык бөлүгү, пенсияларга кошумча төлөөлөр, компенсациялар, көп балалуу энелерге жана бала кезинен майыптардын энелерине пенсиялары, бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн, алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашагандарга пенсиялары, аскер кызматчыларынын пенсиялары) республикалык бюджеттен 29 млрд 352,3 млн сом бөлүнгөн.

Анан ичинен:

— мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоого – 18 млрд 867,5 млн сом;
— электр энергиясы үчүн компенсацилык төлөмдөрдү каржылоого – 2 млрд 009,8 млн сом;
— аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо каржылоого – 4 млрд 204,0 млн сом;
— калктын айрым категорияларына жеңилдетилген пенсиялык камсыз кылууну каржылоого жана (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майыптардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн, алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашагандарга жана башка) пенсияларга кошумча төлөө каржылоого – 3 млрд 989,8 млн сом;
— Баткен облусунун өзгөчө статусу бар чек арага жакын аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлердин пенсияларга компенсациялык төлөмдөргө — 281,2 млн сом.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Социалдык фонддун трансферттердин көлөмү 42,3 пайызга же 8 729,0 млн сомго көбөйгөн. Негизинен өзгөрүүлөр демографиялык өзгөрүүлөргө (пенсия алуучулардын санынын көбөйүшү), ошондой эле Баткен облусунун пенсияларына компенсациялык төлөмдөр берилип башталгандарына байланыштуу.

Ошондой эле 2022-жылы пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрыда №504 “2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө” токтому кабыл алынды. Айтылган токтомго ылайык, пенсиянын базалык бөлүгү пенсионерлердин бардык категориялары үчүн 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулатылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

488