Баткенде үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы Руслан изделет. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Бужум айылынын 47 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 29-апрель күнү уулу 1995-жылы туулган Рашид уулу Руслан өзү жашаган үйдөн чыккан бойдон кайра кайтып келген эместигин билдирип, аны издөөгө көмөктөшүүнү суранган.
Белгилери: арык чырай, көзү кара түстө, чачы күрөң, бою 165-170см, психикалык жактан жабыркабайт. Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.
«Эгерде төмөндөгү сүрөттөгү жигитти көрүп билгендер болсо, Баткен РИИБге кабарлап коюңуздарды суранабыз. Байланыш номурлар:(03622) 102, 5-17-56, 0774-77-86-88, 0552-00-22-74»,- деп берилет маалыматта.