7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Билим берүүгө 2022-жылы 44,9 млн.сом бөлүндү

329

2022 — жылдын 12 айында Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппараты, министрликке караштуу билим берүү жана башталгыч билим берүү мекемелери республикалык бюджеттен 44 962 ,8 млн.сомго каржыланды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, бул жылдын такталган планына карата 97,2 % түзөт. Анын ичинен корголгон беренелер (айлык акы ж.б.) боюнча аткаруу 43 399, 8 млн.сомду түздү, бул жылдын такталган планына карата (44 463,0 млн.сом) же 97,8 % түзөт.

2021-жылдын аткарылышына карата 2022-жылы чыгымдар 15 768, 9 млн.сомго көп аткарылды же 154 % га ашыгы менен. 2022-жылы министрликтин борбордук аппаратынын имаратынын ремонтуна 39,0 млн.сом бөлүнүп берилип, толугу менен каржыланды. Кызматкерлердин айлык акысы жана социалдык фондго төгүмдөр убагы менен каржыланды. Июнь айында билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин отпускага чыккандагы айлык акылары 8 019 ,8 млн.сомго каржыланды. Окуучулардын,тарбиялануучулардын жана студенттердин тамак-аш азыктарын алуу беренеси 923, 9 млн.сомго каржыланды, бул 2021 –жылдын аткаруусуна (752 ,6 млн.сом) карата 171,4 млн.сомго көп каржыланды.

Жалпы билим берүү мекемелеринин ремонтуна 121,0 млн.сом каржыланды. Бул 2021-жылдын аткаруусуна карата (102, 2 млн.сом) же 18,8 млн.сомго көп каржыланды.

Министрликтин борбордоштурулган иш-чарасына 121,6 млн.сом каржыланды, бул 2021-жылдын аткарылышына (158,6 млн.сом) карата 37,0 млн.сомго аз каржыланды.

Анын ичинен окуучулардын республикалык олимпиадасына 6,4 млн.сом, “Манас таануу” телеконкурсуна 3,0 млн.сом миң.сом каржыланды.

Андан тышкары, мектептерди Интернетке кошууга абоненттик төлөмдүн карыздарын жоюу үчүн 6,5млн.сом, интернетке кошуу үчүн абоненттик төлөмдөргө 24 ,1 млн.сом, бардыгы болуп 30, 6 млн.сом каржыланды.

2022-жылга окуу китептерин басып чыгарууга карыздарды жоюу үчүн 34, 0 млн.сом каржыланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

330