19-май күнү саат 20:22де Кадамжай шаарынын Северная көчөсүндө дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, жерине шаардагы Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылып, жалпы аянты 7,5 чарчы метрге жеткен өрт саат 20:57де толугу менен өчүрүлдү.
Өрттүн чыгуу себеби такталууда. Жабыр тарткандар жок.