Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын дыйкандары Ош-Исфана жолун тороп алышты. Ага себеп аталган айылга бир айдан бери суу келбейт. Мындан улам дыйкандардын эгиндери куурап кеткен. Бул тууралуу 7-каналдын аймактагы кабарчысы Айжамал Мырзадөөлөт кызы жеринен кабарлады.
Маалыматка ылайык дыйкандар сугат суу тартыштыгы боюнча, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир нече ирет кайрылып жардам сураса да, көнүл бурулган эмес. Кадамжай районунун акими, бул маселеге кайдыгер карап жатат деген жергиликтүү тургундар, бүгүн жол тосуп, облус жетекчиси Абдикарим Алимбаевдин келүүсүн талап кылышууда.
Кыргыз-Кыштак айылы Кадамжай-Баткен райондорунун ортосунда жайгашкан. Айылдын өзүндө сугат суу гана эсем, ичүүчү суунун дагы тартыштыгы бар. Буга чейин аларга, Бүргөндү айыл аймагына караштуу каналдан суу берилчүү. Учурда кургакчылык болуп, суу тартыштыгы жаралгандыктан Бүргөндү айылынын тургандары Кыргыз-Кыштакка суу берүүнү токтотуп койгон. Натыйжада гектарлаган дыйкан талаалар кургап баратат.