7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын кызматкери милдетин аткарып жүрүп каза болду

1018

Кечээ 23-июнь күнү, УКМКнын Чек ара кызматынын аскери кызматтык милдетин аткарып жүрүп жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Ысык-Көл облусунда болгон. Айдоочу Сөөк ашуусунда бара жатканда рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткен.

«Коюлган тапшырманы аткаруу үчүн үч аскер жүк ташуучу автоунаа менен жүк алып бара жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу Сөөк ашуусунда рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткен. Кесепетинде айдоочу ооруканага жетпей жолдо каза болуп, эки аскер ар кандай жаракат алды», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, жол кырсыгы боюнча тергөө иштери башталып, окуя кандай жагдайда болгону такталып жатат.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1019