7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто пара алып кармалган декан Эркулова, жаш балдары бар үчүн үй камагына чыкты

860

Студенттерден пара алып, үй алууну көздөгөн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Оштогу филиалынын деканы, үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык соту 22-июнунда  пара алууга айыпталган декандын баш коргоо чарасын карап чыгып,  үй камагына чыгарган.

«Шектүүнүн кант диабети боюнча каттоодо турганы, жашы жете элек балдарын өзү жалгыз чоңойтуп жатканы жана туруктуу жашаган жери бар экени эске алынды. Ош шаарындагы туруктуу жашаган дарегинен эч жакка кетпөөсү эскертилген«, -деп жазылат.

Эске салсак, УКМК өткөн жумада, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Ош филиалында сессияда чет элдик студенттерден пара алуу схемасы түзүлгөндүгү аныкталгандыгын кабарлаган.

Натыйжада аталган окуу жайдын деканы Эркулова Гүлмира Каратаевна кармалып, Жазык кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Пара алуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

УКМК: ЖОЖдун мугалимдери чет элдик студенттерден пара алган схемасы аныкталды

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

861