Бишкектин айрым райондорунда 28-июндан 9-июлга чейин газ берилбейт
589
28-июндан 9-июлга чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда газ берүү убактылуу токтойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жаратылыш газы Садырбаев, Л.Толстой, Ала-Арча, Минжилкиев, Тыналиев, Масалиев көчөлөрүндө жана «Джал-23», «Ротор» котелдеринде өчүрүлөт. Себеби, бул аралыкта 1976-жылда коюлган түтүктөрдү алмаштыруу, мезгилдик оңдоп түзөө, кароо иштери аткарылат.
Мындан улам «Бишкектеплоэнерго» муниципалдык ишканасы, төмөндөгү аймактарда ыссык суу берүүнү да убактылуу токтотмокчу.
— «Джал» кичи району ;
— Улуттук бала жана энени коргоо борбору ;
— №5 мончо жана кир жуучу комплекс;
— № 20 кесиптик лицей ;
— №94 кесиптик лицей ;
— №91 кесиптик лицей.
Бишкек шаарынын мэриясы түзүлгөн кырдаалды шаар тургундары түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөт!