7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде футбол аянтчасы ачылып, алгачкы оюнду облус жетекчилери баштап берди

839

Баткен районунун Зарташ айылында футбол аянтчасы ачылды.Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев баштаган жетекчилер,айыл тургундары катышты.

Жетекчилер футбол аянтчасын ачып, алгачкы оюнду баштап беришти.

Эл өкүлү Нурлан Ражабалиев  менен облус башчысы Абдикарим Алимбаев жаштардын алгачкы  оюуну үчүн  акчалай байге коюп, айылдагы футболдун өнүгүүсүнө ийгилик каалашты.

Белгилей кетсек,айылда спорт аянтчасы же мектепте спорт залы жок болгондуктан,спорттук иш чараларды өткөрүүдө ыңгайсыздыктар жаралып келген.

Мындан улам,бүгүнкү ачылып жаткан футбол аянтча, айыл жаштарын сергек жашоого үндөө,спортко кызыгуусун арттыруу максатында, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Ражабалиевдин демилгеси жана  колдоосу менен курулду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

840