7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде I-IV кылымдарда жашаган адамдардын сөөктөрү табылды

1111

Баткен районунун Кызыл-Кошуун өрөөнүндө археологиялык изилдөө учурунда 1-4-кылымдарда жашаган адамдардын сөөктөрү табылды. Бул тууралу Баткен мамлекеттик университетинен кабарлашты.

Археологиялык изилдөө жүргүзүлгөн аймакта көрүстөндөр, жеке мүрзөлөр, архитектура, турак жай, архитектура, петроглифтер бар. Баткен, Лейлек райондорундагы алгачкы археологиялык изилдөөлөр өткөн кылымдын 1954-1960-жылдары жүргүзүлгөн.

Изилдөө иштеринде жетекчилик кылган, тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров билдиргендей, изилдөө учурунда табылган эстеликтер алдын ала болжолдоолор боюнча Кара-Булак көрүстөнүнө тектеш. Бул аймактан 150-200гө чейинки эстеликтер эсепке алынды.

Анын айтымында, археологиялык изилдөө учурунда 1-4-кылымдарда жашаган адамдардын жашоо тиричилигине таандык жеке буюмдары табылды.

«1 кумара, 3 темир бычак, 1 канжар, 1 жаанын учу, 1 курдун тогосу адам сөөгү менен кошо табылды. Кара-Булактагы эстеликтер биздин замандын I-IV кылымдарына таандык. Ал мезгилде сөөк коюу салтында маркумдун буюм тайымдарын, аял кишилердин жасалгаларын, сөөк менен кошо көмүшкөн жана сөөктүн баш жагына кумураларга тамак-ашын коюшкан», -деди окумуштуу.

Ал белгилегендей, бул археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет. Бул лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин көрүстөндөрдүн сыры илимий жактан так аныкталышы мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1112