Баткен райондук сотунун «алуу жана тинтүү» токтомунун негизинде Баткен РИИБинин кызматкерлери Баткен шаарынын тургуну, 43 жаштагы Х.А.нын үйүнө бажысынын кинология кызматынын «Жюль» аттуу кызматтык ити менен биргеликте тинтүүгө кирген. Андан өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү өсүмдүк сыяктуу бангизатына окшогон зат, өзгөчө жыты бар жана ылдыйкы капталында бирден тешикчеси бар 4даана желим бөтөлкөлөр табылып, экспертизага берилген.
Баткендин 43 жаштагы тургуну баңги затын мыйзамсыз сактап жүргөндүгү аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Баткен ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Экспертизанын корутундусунда жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат 146,2 грамм өлчөмүндөгү (кургатылган) марихуана, жумшак пластилин сыяктуу 465 грамм өлчөмүндөгү гашиш, ал эми 4 даана желим бөтөлкөлөрдүн ички бөлүгүндө гашиш жана марихуана сыяктуу наркотикалык заттар бар экендиги аныкталган.
Бул факты Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 268-беренеси (бангизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз даярдоо) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Кармалган Х.А. аттуу жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.