7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

313

Баткен облусунун аймагында бүгүн саат 04:53тө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тагыраак айтканда Лейлек айылынан түндүккө карай 6 чакырым, Рават айылынан түндүн-батышка карай 8 чакырым, Катран айылынан түндүк-чыгышка карай 13 чакырым, Сүлүктү шаарынан чыгышка карай 45 чакырым жана Баткен шаарынан түштүк-батышка карай 65 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын калктуу пунктары – Лейлек, Рават, Кара-Суу, Коргон, Катран айылдарында 3,5 баллга жакын, Берик-Суу, Кызыл-Чарба айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

314