7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводго 8 даана «Сhevrolet» кроссоверлери сатылып алынды

298

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов Токмок шаарындагы Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводдо болуп, жакында эле эки нөөмөттө иштеп баштаган ишканадагы өндүрүштүк процесси менен таанышты.

«Кумтөр Голд Компанинин» президенти заводдун учурдагы өндүрүштүк муктаждыктарын ыкчам чечүү максатында ата-мекендик «Тулпар Моторс» заводунан чыгарылган 8 даана Chevrolet үлгүсүндөгү автоуналар алынып, Токмок шаарындагы заводго өткөрүп берилгендигин билдирди.

«Биздин максат – өндүрүштүк ишмердүүлүктүн натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды азайтуу. Жылдар бою сакталып, кайра иштетилбеген унаа дөңгөлөктөрү экосистемага коркунуч жаратат. Ошол себептен унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетип гана тим болбостон, кайра калыбына келтире турган завод ишке кирди. Азыр заводдун цехтерине бардык керектүү жабдыктар орнотулуп, экинчи нөөмөт ачууга мүмкүнчүлүк түзүлдү», – деди Алмазбек Барыктабасов.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

299