Баткен чек-арасындагы абал, кечки саат 18:00гө карата 17 жаран оорканага келип түшкөн.
Алардын ичинен 1 жаран алган жаратынан улам каза болгон.
Самаркандек саламаттыкты сактоо борборунда 2 бейтаптын абалы салыштырмалуу канааттандыраарлык, Лейлек борбордук коомдук саламаттыкты сактоо борборунда — 1 жабырлануучу, орточо оор абалда.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жергиликтүү өкүлчүлүгүнө таянып кабарлады.
Жарадар болгондорго ыкчам медициналык жардам көрсөтүүгө Ош шаарынан 5 медицина кызматкери жөнөп кеткен. Бишкек шаарынан даагы 9 медик учууга даярдык көрүдө деп министрдин орун басары Жалалидин Рахматуллаев кабарлайт.