7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек арадагы айылдардан көчүрүлгөн жарандардын саны 800дөн ашты

589

Бүгүн 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон эки тараптуу кагылышууда 17 кыргызстандык жарат алып, бир жаран каза болду. Жараат алган жарандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Жалпы коопсуз аймакка көчүрүлгөн элдердин саны 848ди түздү. Анын 498 Баткен шаарына, 350 Лейлек районуна көчүрүлдү. Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматары аларды тамак аш жана керектүү нерселер менен камсыздап жатат.

«Чек арада абал оор бойдой калууда. Атышуу токтой элек. Белгилей кетсек кырдаалды курчутууга Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон, бүгүн 29-апрелде эрте менен саат 4:40тар чамасында алар Кыргызстандын жарандарына жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан. Ошондой эле аңчылык мылтыктары менен өтүп бара жаткан кыргыз жарандарынын унааларын аткылай баштаган.

Андан соң саат 14:00дө Тажикстан ИИМнин чек ара аскерлери жана атайын кызматы (спецназ) “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоону баштаган«,-деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

590