7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон берилет

593

Баткен облусунда куралдуу кагылыштын натыйжасында курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнүп берилет.

Президенттин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №313 «Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө, жабыркаган жарандарга, ден соолугуна келтирилген зыяндын даражасына жараша соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болсо 100дөн 200,0 миң сомго чейинки өлчөмдө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Мындай чечим Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди.

Белгилей кетсек, бул токтом жарандарга, аскер кызматкерлерине, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине гана тиешелүү, материалдык жардам «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

594