7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде мыйзамсыз иштеп жаткан медресе аныкталды

512
Баткен шаарында каттоодон өтпөй, ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жаткан диний уюм аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Баткен шаарында жүргүзүлүп жаткан “Нелегал” иш-чарасынын алкагында Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан шаар аймагындагы диний жаатында жаш балдарга билим берип жаткан медресе, мечиттер текшерилип, ал жерде тарбияланып жаткан балдар менен баарлашуулар өткөрүлдү.
Жыйынтыгында “Ыйман” илим жана маданий борбору диний уюму каттоодон өтпөй 2024-жылдын башынан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп, 20дай жаш балдарды окутуп жаткандыгы белгилүү болду.
Бул факты Баткен ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
513