7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«1,5 млн долларды кайтарды». Мамкурулуштун башкармалык башчысы кармалды

492

Ири суммадагы акча каражатын кымырып кеткен деген шек менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

УКМК Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен алынган карыздык каражаттардын эсебинен ишке ашырылуучу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда улуттук кызыкчылыктарды коргоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында,  Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин кызмат адамдарынын катышуусунда чет өлкөлүк банкка чыгарылган 1 миллион 498 миң 200 АКШ долларын ( КР УБ курсу боюнча 134 миллион 103 миң 882 сом) кайтарып берүү процедурасын аяктады, бул Ысык-Көл областынын Каракол шаарында канализациялык-тазалоочу курулманы куруу боюнча долбоорду ишке ашырууну үзгүлтүккө учуратуу коркунучун жараткан.

Буга чейин маалымдалгандай, 4-мартта УКМК органдары тарабынан аталган акча каражаттарын банкрот болгон чет өлкөлүк банкка чыгарууга тиешеси бар деген шек менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Х.Ш. К. кармалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыялар толугу менен долбоорго кайтарылды жана Каракол шаарында канализациялык-тазалоочу курулманын курулушуна жумшалат.

 

493