7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топторду каржылагандыгы үчүн Турсунтай Салимовдун уулу кармалды

244

«Мадина» соода борборунун негиздөөчүсү Турсунтай Салимовдун уулу жана «Мадина» соода борборунун коопсуздук кызматынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Тактап айтканда, Салимовдун уулу Камчы Көлбаевдин кылмыштуу ишмердигин жана кылмыштуу шериктештиктин курамындагы ишкерлерден опузалап акча каражаттарын алгандыгын билип туруп, кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), анын ичинде Көлбаевдин кылмыштуу каражаттарын кыймылсыз мүлккө салуу боюнча аракеттерди жүргүзгөндүгү аныкталган. Аны менен бирге «Мадина» соода комплексинин Коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп турган К.С. да Көлбаевдин кылмыштуу ишмердүүлүгүн жана кылмыштуу чөйрөнүн курамында ишкерлерден опузалап, мыйзамсыз өндүрүп алуу жолу менен акча каражаттарын алганын билип туруп, анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен тил табышып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп келген.

Белгилей кетсек, К.С. 2020-жылы  Жогорку Кеңешке шайлоодо депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлүп, ал Көлбаевдин квотасы боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесине киргизилген.

Учурда алар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

245