7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин маалымат катчысы жагымсыз жагдайга туш болгонун айтты

278
Аскат Алагөзовдун атынан шылуундар мамлекеттик органдарга телефон чалып, алар үчүн сатып алынган техникага терминал аркылуу бажы төлөмдөрүн төлөөнү талап кылышкан. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы соцтармактан билдирди.

«Кымбаттуу достор! Мен бүгүн болуп өткөн жагымсыз бир жагдайга көңүлүңүздөрдү бургум келип турат.
Айрым шылуундар менин атыман мамлекеттик органдарга телефон чалып, алар үчүн ар кандай керектүү техника сатылып алынганын айтып, терминал аркылуу бажы төлөмдөрүн төлөөнү талап кылып жатышыптыр.
Мындан тышкары, дагы эле менин атыман шылуундар биринчи айым Айгүл Жапарованын иш-чараларын уюштуруу үчүн акча чогултуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар түшүүдө.
Мындан улам, пресс-катчынын милдетине финансылык төлөмдөрдү, каржылык операцияларды жана сатып алууларды жүргүзүү таптакыр кирбестигин дагы бир ирет баса белгилеп айта кетейин.
Сак болсоңуздар, мына ушул сыяктуу махинацияларга алданбасаңыздар. Эгерде маалыматтан күмөн санасаңыздар, аны кайра текшерип, тактаңыздар. Же болбосо менден сураңыздар. Өзүңүздөргө жана акча каражаттарыңызга сак болуңуздар!»,-деп берилет кайрылууда.
279