7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде пара алып жаткан жеринен жол тескөөчүлөр кармалды

628

Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан тиешелүү иштерди уюштуруунун жүрүшүндө Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан системалуу түрдө пайдаланып, транспорт каражаттарынын айдоочуларынан, анын ичинде жол кыймылынын эрежесин бузгандардан административдик протоколдорду түзбөгөндүгү жана административдик айып пул салуу үчүн опузалап акча өндүрүүгө туруктуу коррупциялык схема уюштуруп алгандары аныкталды.

Топтолгон текшерүү материалдарынын негизинде Баткен ОИИБнин Жол кайгуул кызматынын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголду, анын алкагында сот органдарынын санкциясынын негизинде атайын тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп, анын натыйжасында 9 кызматкеринен пара алуу фактылары аныкталган.

24-январда Баткен-Раззаков унаа жолунун айыл аймагындагы тилкесинде, Баткен районунун Көк-Таш айылында кезектеги мыйзамсыз акча алуу учурунда Баткен ОИИБнин жол кайгуул кызматынын кызматкерлери милициянын старшинасы Т.А.К жана Ю.Б. кармалды.

Учурда Баткен облусунун Жол кайгуул кызматынын башка кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин документтештирүү боюнча иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

629