7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күлгөндүгү үчүн жаакка чапкан. Окуучуга кол көтөргөн мугалим камакка алынды

861

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы лицейиндеги окуяга байланыштуу мугалим кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен облустук милициядан билдирди.

Соцтармактарда тараган видео боюнча Кызыл-Кыя ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү билдирме менен кайрылган. Бул билдирме 24-январь күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө видео тасмага түшкөн 35 жаштагы Г.О. аттуу мугалим 22-январь күнү саат 22.30дар чамасында 16 жаштагы окуучу уктоо бөлмөдө достору менен сүйлөшүп отуруп, бакырып күлгөндүктөн аны коридорго алып чыгып, бетине колу менен ургандыгы маалым болгон.

Бул факты Кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Жашы жете элек балага соттук-медициналык экспертиза дайындалып,  Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренесинин негизинде аталган мугалим убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда дагы башка окуучулардын токмоктолушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды.

Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги «Сапаттагы» окуяга байланыштуу комиссия түзүлөрүн билдирген.

862