7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Дене тарбия жана спорт академиясына пландан тышкары барды

481

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-январда, Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал жакка барганында мамлекет башчысы капиталдык реконструкциядан өткөн футбол-жеңил атлетика манежин көрүп чыкты. Жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин алкагында футбол-жеңил атлетика манежинде жылытуу, желдетүү системасы жаңыртылган, жаңы терезелер жана кошумча жарыктандыруу орнотулган, ошондой эле канализациялык тармактар жаңыдан салынган.

Бардык ички жайларда дубалдары жана чатыры жылууланып, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Машыгуу залдарында душ кабиналары, дааратканалар курулган. Эркин күрөш залында спорттук маттар жаңыланган. Алардын аянты азыр эки эсе чоң. Стол тенниси бөлмөсү витраж терезелери менен өзүнчө залга айланган.

Реконструкция жүргүзгөндө чуркоо жолдордун жана футбол талаасынын үстүңкү бетин жабууга өзгөчө көңүл бурулган. Бул максаттар үчүн манежге европалык стандарттарга жооп берген резина жабуу төшөлгөн.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров өткөн жылдын 4-майында академиянын абалы менен таанышып, футбол-жеңил атлетика манежин толук капиталдык реконструкциялоо үчүн каражат табууну тапшырган.

482