7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде Шахимардан сугат системасы модернизацияланат

142

Бүгүн Баткен облусунун Кадамжай районундагы Мухтар Нургазиев атындагы магистралдык каналынын башкы суу алуу курулмасында мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, эми Шахимардан ирригациялык системасын жаңылоо иштери башталат. Аталган долбоор аймактын айыл чарбасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.

Курулуш иштери Кадамжай районунун 2 айыл аймагын жана 1 шаардык аймакты камтыйт. Жалпы узундугу 35,2 чакырымды түзгөн каналдардын ичинен 25,67 чакырымы толугу менен модернизацияланат.

Долбоор аяктагандан кийин 4435 гектардан ашык айдоо аянттарынын сугат суу менен камсыздалышы жакшырмакчы. Бул айыл чарбасынын түшүмдүүлүгүнө жана туруктуулугуна түздөн-түз таасир этет.

Аталган жумуштар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашууда.

143