Баткен облусунун аймагында баңгизат колдонууга шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдирди.
«Бангизатын колдонуп жүрөт” делген ыкчам маалыматтын негизинде облус аймагында иликтөө иштери жүргүзүлүп, ооруканалардын биринде Тез жардам унаасын айдаган айдоочу жана ошол айдоочу менен чогуу иштеген фельдшер аялдын күйөөсү аныкталды.
Облустун тургуну 43 жаштагы жаран өзү жашаган үйүнө притон уюштуруп, тинтүү жүргүзүлгөндөн кийин турак үйүнөн 5,4 грамм кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылып, колдонгон шаймандары менен кошо алынган. Анын кылмыштуу шеригинин жашаган турак үйүнө да тинтүү жүргүзгөндө дагы 4 грамм кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.
Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, алынган заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар наркотиканын “гашиш” түрү экендиги аныкталып, кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.