7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Элдики + MegaTV” тарифтеринде ошол эле баада 2 эсе көп интернет берилет

506

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунда «Элдики + MegaTV» тарифтеринде өзгөрүүлөр киргизилди.

Тарифте интернет-трафиктин көлөмү эки эсе көбөйдү. Ал эми абоненттик төлөмдүн баасы болсо ошол эле бойдон калат.
Колдонуучулар жакшыртылган тарифте көбүрөөк видеолорду көрүп, социалдык тармактарда достору менен көбүрөөк байланышып, онлайн-оюндарды көбүрөөк ойноп, жана билим ала алат. Ошондой эле, Элдики + MegaTV тизмегинин бардык тарифтери боюнча интернетти (Wi-Fi) акысыз жана чектөөсүз таратуу мүмкүнчүлү бар.

Тарифтердеги бонустар:

• MegaTV акысыз мобилдик телеберүүсү. Сиз бир эле учурда 5 түзмөккө чейин кошуу мүмкүнчүлүгү менен, 180ден ашык телеканалды каалаган түзмөктө – смартфондо, планшетте же Smart TV′де көрө аласыз.
• Ата мекендик киноконтентти камтыган «Этномедиа» эң ири онлайн-кинотеатры: премиалдуу тарифтерде акысыз жана тизмектин башка калган тарифтеринде 30 күндүк акысыз мөөнөт.
• Абоненттик төлөмдү өз убагында төлөгөндүгү үчүн, абоненттерге автоматтык түрдө «Мега Белек» ─ 5 ГБ чейин бонустук интернет берилет.
MEGA24 тиркемесинин жеке кабинети аркылуу, ошондой эле сатуу жана тейлөө кеңселериндеги адистердин жана промоутерлердин жардамы менен жакшыртылган тарифке өтсөңүз болот.
«Элдики + MegaTV» тарифтик тизмегинде учурдагы абоненттер тарифин жаңылаганда, тарифтин шарттары автоматтык түрдө өзгөртүлөт. Бардык жаңы абоненттер жаңы шарттары менен тарифти дароо кошо алат.

Кеңири маалыматты компаниянын расмий сайтынан ала аласыздар.

 

507