7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
12°C

Баткенде турмуш-тиричилик техникасын мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюлду

242

Баткен облусунда турмуш-тиричилик техникасын мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз аракеттер токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-август контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кошуна өлкөнүн аймагына тиричилик техникасын алып өтүү фактысын аныктап, мыйзамсыз аракеттерди токтотушкан.

Арка айылынын Жаңы-Жер айыл аймагынан 1988-жылы туулган Б.А. аттуу КР жараны 1 млн 205 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасы түрүндөгү жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен кармалган.

Аталган унаа контрабандалык жүк менен Жаңы-Жер мамлекеттик коругунун аймагына жеткизилген жана бул факты документтештирилген.

Учурда тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

243